2018 Рейтингтик агенттиктер Азамат Кожоев жана Шарафидинова Майрамхан Реитингтик Агенттиктер Аныктама Ар кандай уюмдардын ,ишканалардын жана өлкөлөрдүн насыя жөндөмдүлүгүн , башка ар түрдүү мүнөздөмөлөрүн аныктаган мекемелер рейтингтик агенттиетер деп аталат. Рейтингтик агенттиктер көзөмөл жана мониторинг аркылуу жеке жана мамлекеттик уюмдарды изилдеп, алардын учурдагы финансалык жана экономикалык абалдарын аныкташат. Бул маалыматтар ишканаанын кирешелүү болуп- болбогонун так билүүгө жардам беришет. Рейтингтик агенттиктер калысбааны ишканаалардын ар кандай аспекттеринде, мисалы , финансы, маркетинг, же болбосо башкаруу бөлүмдөрүндө жүргүзүшөт жана жасаган иш-чаралардын жыйынтыктарынын негизинде ишканааларга ар кандай баа, же башкача айтканда «рейтинг» беришет. Эреже катары, эң жогорку рейтинг « ААА» деп, эң төмөнкү болсо «D» деп белгиленет. Рейтингтик агенсттиктер ишканаалардын учурдагы абалындан тышкары, алардын келечектеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу божомолдорду аныкташат. *оң - ийгиликтүү өзгөрүүлөргө мүмкүнчүлүк бар экенин, келечектеги рейтингтин жогорулашы мүмкүн болгондугун билдирет. *турактуу – рейтинг өзгөрүүсүз бойдон кала турганын, терс өзгөрүүлөрдүн ыктымалдуулугу аз болгондугун билдирет. *терс – рейтингтин терс өзгөрүүлөргө дуушар болуу ыктымалдуулугу жогоруу болгондугун билдирет. Эл Аралык Рейтингтик Агенттиктер • Эң абройлуу жана үндүү рейтингтик агенттиктер • Ири коммерциялык холдингтердин жөндөмдүүлүгүн баалайт же өлкөлөрдүн төлөөгө • Көзкарандысыз рейтингтик агенттиктер • Тобокелдикти тагыраак санашат • Тажрыйбалары көп • Берген баалары так Чоң үч Дүйнөдөгү бүт рейтингтик ишмердүүлүктүн рыногунун 95% ээлеген үч ири агенттик бар. Алардын катарына «Standart&Poor’s»,«Moody’s» жана «FitchRatings» кирет. Джон Ноулз Фитч 1913-жылы Нью Йорк шаарында FitchRatings аттуу рейтингтик агенттикти курган. Азыркы учурда 2300дөн ашык профессионал 150 өлкөнүн капиталын көзөмөлдөйт. Ишенимдүү таза жана өз убактылуу аналитикалык продукт менен камсыздандырган рейтингтик агенттик болуп саналат. FitchRatings орто азия өлкөлөрүндө изилдөөлөрдү жүргүзгөнүнө 15 жылдан көп болду. Джон Муди 1909-жылы Нью Йорк шаарында Moody’s аттуу рейтингтик агенттикти курган. Башка рейтингтик агенттиктерге караганда Moody’s агенттигинин аналитиктери баардык тобокелчиликтерди карап чыгышат. 3 жыл алдыга прогноз түзүшөт. 5000ден ашуун эксперт 26 өлкөдө иштейт. Генри Варнум Пур 1860-жылы баласы менен чогуу Standart&Poor’s аттуу рейтингтик агенттик ачкан. S&P 500 , Dow Jones Industrial Average, S&P Dow Jones Indices Indices аттуу финансылык рыноктун индикаторлорун ойлоп тапкан фирма. 28өлкөдө 10000 профессионал иштейт. Улуттук Рейтингтик Агенттик аттуу Орусиянын башкы рейтингтик агенттиги 2002-жылы түзүлгөн. Азыркы учурга чейин миндеген компанияларга кредиттик рейтинг берип кележатат. Баалуу кагаздар рейтинги Капиталды инвестициялоодо дайыма риск ортого чыгат. Айрыкча рисктин пайда болуусу баалуу кагаздарды сатып алууда актуалдуу болуп саналат. Инвестор келечекте боло турчу коркунучту жана кирешелерди ойлоно баштайт. Анткени ал акчасын зыян жака иштетууну каалабайт. Бул учурда инвестор теренирээк ойлонуусу зарыл. Рыноктогу инструменттерди кандайча туура тандап алуусун, ошондой эле рисктин денгээлин кандай экендигин билуу учун издей баштайт. Мындай учурда бул маселелерди чечуудо рейтингдик агентиктер колго алышат. Алар баалоо эксперттерин жургузушот жана аларды анализдешет. Натыйжада рыноктогу катышуучу баалуу кагаздардын жана анын кредиттик рейтингин канчалык туруктуу экендигин биле алышат. Ошондой эле инвестор жана трейдерлерге турдогон информациялар жардамчы болушат. Б.а информациянын орду аябай чон болуп саналат. Баалуу кагаздар рейтингинин типологиясы Бугунку кундо коп учурда баалуу кагаздар рейтинги так эместигин жолуктура алабыз. Андыктан бул маселелерди чечуудо алдын ала бир нече негизги аныктамаларды карап отолу. 1. Баалуу кагаздар рейтинги- бул рыноктогу баалуу кагаздардын чыныгы баасын гана аныктабастан, экономикадагы финансылык продуктардын да баасын чагылдарат. Мисалы, мындай рейтингтердин бар болуусу инвесторлор учун оздорунун инвестициядагы портфельдерин денгээлин баалоого шанс берет. Ошол эле учурда эмитенттер ивесторлорду тартуу учун оздоруну денгээлин которууго аракет жасашат. Баалуу рейтинги жана сапатын жогорулатат. Ошошдуктан азыркы кундо копчулук эмитент компаниялар учун аябай керектуу болуп саналат. 2. Кредиттик рейтинг- бул эмитенттин озуно тиешелуу милдеттемелерин канчалык денгээлде аткара ала албастыгын ыктымалдуулугун аныктайт. Баалуу кагаздар рейтингинин обьектисин бир гана баалуу кагаздар тузбостон,мындан башка карыздык каражаттар дагы кирет. Мисалы, облигациялар, коммерциялык кагаздар, депзиттер, сертификаттар ж.б. Ал эми оздук каражаттарга акциялар кирет. Баалуу кагаздар рейтинги эмне учун керек? 1. Рыноктогу катышуучуларга керектуу информацияларды жеткируу болуп саналат. Анын ичинде инвесторго эмитент тууралуу маалымат беруу ж.б. 2. Кредиттик рисктин томондоосу 3. Эмитент учун обьективдуу бааны тузуу. Эмитент учун «кредиттик паспорт» - корсоткуч,курал 4. Керектелген каражаттарды камсыз кылган тараптын диверсификацияны стимулдоосу 5. Эффективдуу жонго салуучу инструмент катары колдунушат Баалуу кагаздар рейтингинин шкаласы Негизинен баалуу кагаздар рейтинги томонку корсоткучтор менен сапатын аныкташат: «Жогорку сапатта» - (кредиттик риски эн томон) «Жакшы сапатта» « Канааттандырарлык» «Жаман сапатта» - ( кредиттик риски эн жогорку) “defoult”(мусорный)таштанды денгээли Бул баалоолор атайын схема жана методикалардын жардамы менен рейтингдик агенттиктер тарабынан жургузулот. Ошондой эле ар бир денгээл сан-тамгадан турган белгилер менен кыскача белгиленет. Рейтингтик агенттиктердин кемчиликтери: Рейтингтик агенттиктер, биринчиден, эмитенттин (карыз алуучу тараптын) карызды жана ал боюнча пайданы төлөп берүү жөндөмдүүлүгүн баалайт, мындан тышкары башка карыз берүүчүгө маанилүү болгон факторлорду, мисалы, экономикалык конъюктура жана учурдагы ликвиддүүлүк менен байланыштуу проблемаларды эске албайт. Рейтингтик агенттиктер, берилген анализдер жана изилдөөлөрдун жыйынтыгы боюнча эч кандай кепилдик бере албайт. Кандай методолгия менен пайдаланганын да толугу менен аныктап беришпейт. Рейтинг менен балоо – коммерциялык кызмат. Эмитенттер рейтингтик агенттиктерге жыл сайын өзулөрүнүн кредитти төлөп берүү жөндөмдүүдүгүн, активдерди башкаруу сапатын жана дагы ар кандай көз карандысыз финансылык анализдерди жүргүзүү кызматы үчүн төлөп берүүдө. Бул себептерден, аналитиктер рейтингтик агенттиктердин толугу менен объективдүү болбогондугун талкулашат. 2008-жылга чейин рейтингтик агенттиктер боюнча эч кандай прецеденттер болбогондугу үчүн, алардын анализдери адекваттуу эместигине шек тууудурган эмес, бирок 2008-жылы баары өзгөрдү. Эң чоң жана абройлуу рейтингтик агенттиктер АКШдагы кыймылсыз мүлк менен байланышкан финансылык кризисти жана AIG( ипотекалык компания), Enron, Lehman Brothers( инвестициялык банк), Parmalat жана башка көптөгөн корпорациялардын банкрот болуусун алдын ала алган эмес. Ушундан улам, рейтингтик агенттиктердин эң негизги проблемаларынын бири – тездик менен дүйнөлүк экономикалык шарттардын өзгөүүсүнүн артындан жетишпей калуусу.