Uploaded by joma satarov

6dadd67e-e46d-40c4-8ccc-e7053660066c (1)

advertisement
ҮЛГҮ ЭССЕ ТЕКСТИ
1. Текстти окуӊуз.
КЫЯМАТ
Аксаӊдаган Авдий вокзалга жарым саатта араӊ жетти. Жолдон тактанын
жараӊкысын таап алып, аны балдак ордуна таянып барганы огожо болду.
Кыйма-чийме чубалган темир жолдордун, поездден артылып турган темир көпүрө
баш болуп, ар кандай темир курулуштардын, бийик илинген прожекторлор менен ары-бери
соймоӊдоп жуп крандардын, вокзал алдындагы аянт түгүл, бүткүл станция шаарчасынын
үстүнөн селектордон баркылдаган буйрук-сөздөр аркы-терки жылган локомотивдердин
үндөрү, келген-кеткен жүргүнчүлөрдүн поездеринин кабарын айткан радиокызматчынын
жарыя добушу жаӊырат. Кулак-мурун кескендей ыӊжыӊ ээн талаадан келген Авдий буерде
турмуштун кайнап жатканын туйду. Жанталашып кымгуут чуркаган калыӊ элдин тобуна
кирди. Жалпак-Саз бекеринен айтпай Түркстан аймагындагы тогуз жолдун тоому болгон
жер эмес.
Кайсы поездге түшүп, кантип кетиш керек, деги жанында бар болгону отуз беш сом
менен кантип жан сактоо керек  Авдий ушуга бушайман эле. Эгер кассада чыпта болсо,
ушерден Москвага чейин плацкарта вагонуна түшүү отуз сом турат. Анан эмнеге жашайт?
Шишиген бутун, көгала денесин кантет? Оюна тумчуккан Авдий башы жерге салаӊдап,
станциянын эл быкбырдай кайнап, абасы дем болгон бөлмөлөрүнөн өттү. Үстүндөгү
кийиминен тамтык жок, бети башынан тамтык жок. Аз келгенсип тактанып жарты
жараӊкасын балдак ордуна таянып алган бу кебетеси көзгө урунттуу болуп, тегеректегилер
кылчактап карай беришти. Поезддин расписаниесин көрүү үчүн перронго чыгып баратып,
Авдий артынан бир милиционер кадала ээрчип алганын байкады.
Эй, жигит, токточу!-деп милиционер жанына келди. Кыжырлангандай катаал көз
карашында ырайым көрүнбөйт. Буерде эмне кылып жүрөсүӊ? Өзүӊ кимсиӊ?
Менби? Билесизби, мен деген гезиттин кабарчысы болом.
Мени ээрчип, бөлүмгө жүр. Ким экениңи ошерден териштирип алабыз…
Эки жагын карап келаткан Авдий көргөн көзүнө ишене албай бакырып ие жаздады.
Кире бериштеги улага бурчта арматура темирден согулган тордун ичинде, куду
ажайыпканадагы кор болгон жырткычтар түспөлдөнүп, баягы наша жыйнагыч чабагандар
отурат. Петруха, Лёнька, Махач, Коля, дагы бейтааныш балдар -баары болуп он эки.
Командасы бүтүндөй, болгондо командири гана жок. Кол баштаган Гриша өзү жок.
 Ой, балдар, силерге эмне? Эмне болдуңар? деп элейе калды Авдий.
Чабагандардын бири да үн катпады. Кыбырап да коюшпады. Тор ичинде жалаң
полдо бири- бирине ыкташып, азган-тозгон, капкандагы бөрүдөй сүзө тиктеген
чабагандар тунжурайт.
Булар сенин балдарыңбы? Лейтенант мыйыгынан кытмыр жымыйып койду.
Ананчы! Баары менин балдарым!
Ошондой де! Лейтенант таң калган кыязда Авдийди тигиле тиктеди. –Бул, эмне,
силердин кишиңерби? деди ал тигилерден.
Эч жооп болбоду. Баары үлүрөйүп жер тиктешти.
Ар бир жолду бөгөп, ар бир поездден силерди кутурган иттей кылып бирден тутпасам
элеби! Менден кутулуп кете албайсыңар!—деп лейтенант жаалдангандан жаалданды. –
Дагы сурайм, кабарчымын деген мобу самтырак ким? Ким бул неме? –Авдийди колдон
алып, тордун түбүнө жетелеп барды. Жакшылык менен айткыла! Силердин кишиңерби?
Тынымга баары тунжурап турушту. Авдий таң калды: кечээ эле ээн талаада алыпучкан жигиттер, жүрүп бараткан поездди токтотуп түшүп алып, наша чегип маң болуп, аны
вагондон ыргыта тепкен эргулдар азыр минтип шымдарынын куру жок кашаттарын
карманып, жылаңаяк, кыязы, жылаң баш, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүп, таяк жеген
иттей үлүрөйүп турушат.
Акыркы жолу сурайм,- деп лейтенант ачуусуна муунуп, энтиге дагы сурады. –Мен
кармап келген бу неме ким, силерденби, же силерден эмеспи?
Жок бизден эмес, деди Петруха Авдийди олурая карап.
Экөө эл толгон залга кайра чыгышты. Лейтенант Авдийди бир бош орундукка алып
кирди да, отуруусун өтүндү, өзү да отурду.
Сенден аябай суранам, жолдош,- деп лейтенант сырдашкандай чын көңүлүнөн
айтты.  Биздин ишке жолтоо болбочу.
Ою кымгуут түшүп, деми кыстыкты, жүрөгү айланды. Кокустан жолуккан
көпчүлүктүн арасында, абасы дымыккан залдын ичинде Авдий эстен танып отурду. «Алда
жаным-ай,кыйналып баратасыңбы, деп коёт. Адамдар неге мынча кызык жаралган?
Киши менен кишинин иши жок. Айланаң бүт ээн, ар ким тентиреп өз бетинче». Бу
кыйналганы өтүп кетер, кайра калыбына келип, камактын капаатына калгандарга жардам
бериш үчүн эптеп бир айла табарын күттү Авдий. Кечээ күнү алар өзүн өлүп тынчысын деп
жүрүп бараткан поездден ыргытып жибергендери артта калды. Тиги киши өлтүргүч
мыкаачылар, кылмышкерлер, арамдар азыр боорун оорутпай жинин келтирип, өч алууну
каалатпайт беле. Жок, идеалист Авдий Каллистратов турмуштун эч кандай сабагына моюн
сунгусу жок, эч бир ойдун жүйөсүнө да көнөр эмес. Наша чабагандарынын жеңилиши –
өзүнүн жеңилиши экенин, өзгөнүн камын жеп, өзүнүн жанын жеген идеасынын жеңилиши
экенин ал тереңинде сезип олтурду. Ушул оор жазадан куткарып калыш үчүн ал
нашачыларга таасир эте албай койбодубу. Ошону менен бирге ал өзүнүн ушундай
кечиримдүүлүгүнүн азабын тартарын түшүнбөй койгон жок...
Ч. Айтматов
(657 сөз)
2.
3.
Автор тарабынан текстте көтөрүлгөн көйгөйдү жана анын актуалдуулугу эмнеде
экендигин аныктаӊыз.
Чыгармада козголгон көйгөйгө карата жеке көз карашыңызды эссенин
талаптарына ылайык далилдеп (аргументтештирип) жазыӊыз.
ЭССЕНИ ЖАЗУУНУН ТҮЗҮЛҮШҮ (СТРУКТУРАСЫ)
1.
Киришүү. Тексттин мазмуну менен таанышып, автор тарабынан көтөрүлгөн негизги
көйгөйлөрдүн актуалдуулугун ачып көрсөткөн бир-эки сүйлөм жазгыла.
2.
Негизги бөлүк. Көтөрүлгөн маселе төмөнкүдөй вариантта болушу мүмкүн:
а) КАНДАЙ? же КАЙСЫ?+КӨЙГӨЙ (Мисалы: коомдук (кандай?)+көйгөй)
түзүлүшүнүн жардамы менен.
Бул жерде «тема» жана «көйгөй» (берилген теманын тактыгы андагы козголгон көйгөйдүн
конкреттүүлүгүнө шарт түзөт) деген түшүнүктү алмаштырбоо керек;
б) же риторикалык суроонун жардамы менен.
Риторикалык суроо тексттеги эң негизги жана так ойду берет. Анткени кийинки ой
толгоонун жазылышы суроого карата жооп болуп эсептелет да, темадан алыс болбоону
көзөмөлдөйт (Мисалы: Автор өзүнүн чыгармасын түзүүдө эмнеге умтулуш керек? – бул
риторикалык суроо). Ушул социалдык көйгөйдү ачып берүүдө белгилүү жазуучу
Ч.Айтматов төмөнкүдөй ой жүгүртөт).
3.
Текстте козголгон көйгөйгө карата комментарий берүүдө 5 элементти эске алуу
керек: 2 иллюстрациялык мисал, алардын ортосундагы өз ара байланыштарга 2 мисал.
Иллюстрациялык (сүрөттөө) мисал цитата түрүндө болушу мүмкүн (түз же кыйыр
мааниде), же сүйлөмдүн номерин көрсөтүү менен. Мисал үчүн төмөнкү түзүлүштө
“ЦИТАТА,”- АВТОР ЖАЗГАНДАЙ, БЕЛГИЛЕГЕНДЕЙ..., андыктан, ошол үчүн,
ошондуктан ... сыяктуу сөздөр колдонулат.
4.
Автордун көз карашы көп учурда тексттин жыйынтык бөлүгүндө берилиши мүмкүн.
Эгер ал түз жана ачык берилсе, ошол эле сүйлөмдү цитата катары пайдаланса болот, же бул
боюнча жеке көз карашы катары билдирсе болот.
5.
Автордун көз карашына карата жеке мамиле. Автордун көз карашын менен макул
болуу(же макул болбоо). Өзүнүн жеке мамилесин түрдүү ыкма жана мисалдар менен
далилдөөгө болот: турмуштан, тарыхтан, кинодон, адабияттан бир нече мисалдарды
келтирүү.
6.
Корутунду. Бул бөлүмдө киришүүдөгү ойлор кайталанбастан, ой жүгүртүүнүн
жалпыланган жыйынтыгы болууга тийиш.
ТЕКСТТИН НЕГИЗИНДЕ ҮЛГҮ ЭССЕ
Ч. Айтматовдун “Кыямат” романынын негизиде жазылган эссе
Канчалаган ай артынан ай өтүп, күн артынан күн өтүп, жыл артынан жыл өтүп, мезгил
закымдап, өз кадамын артка таштаса да, Ч.Айтматовдун “Кыямат” романы өз
актуалдуулугун жоготкон жок. Тескерисинче, көтөргөн маселеси курчуп, заман агымына
туура келип жаткандыгы анык.
Автор бул чыгармадан жүрөк толкуткан, жан дүйнөгө бүлүк салган, ар бир адамды
түгөнбөс ойлорго жетелегендигине күбө болдук.
Азыркы учурда баңгилик коомубуздун жат көрүнүштөрдүн бири. Ал эми айрым
жаштар кантип анын сазына батып жаткандыгын да байкабай да калышат.
Баңгиликтин кесепетинен канчалаган тагдырлар, үй-бүлөлөрдүн ыдырашы, адамзаттын
генефонунун бузулушуна, жадагалса, коомдун өсүп-өнүгүшүнө залакасын тийгизбей
коёрун жашоо агымы тастыктап отурат. Мына ушул маселе азыр окуган үзүндүдөн ачыкайкын көрүндү.
Алгач аксаңдаган Авдийдин, анын балдак ордуна тактанын жараӊкысын таап алып,
сүйөнүп басышынын өзү эле оор ал-абалынан кабардар берет.
Жалпак-Саздагы вокзалдагы кыйма-чийме жолдордун көрүнүшү, локомотивдердин
үндөрүнүн угулушу  үмүтү үзүлгөн, араң баскан Авдийге жаңы жашоо тартуулагандай
сезилди. Ал эми радиокызматынын жарыя добушу Авдийге жаңы кабар тартуулачудай
сезимде болуп отурдум. Мен ойлогондой, ал жаңы окуяга дуушар болду. Кокусунан болгон
окуяны автор чеберчилик менен таамай киргизген. Мында негизги каарманыбыз Авдий
үчүн жаңы бурулуш болду.
Авдийдин жанында бар болгону ченелүү отуз беш сомунун болушу- андагы жөнөкөй,
карапайым адамдын келбетин ачып берет.
Шишиген буттарынын, көгала болуп сүрөттөлүшүн окуганда кайдан ушундай абалга
туш болду экен? деген ойлорго чөмүлөсүң. Анын келбетин көргөндө, албетте, милиция
кызматкери кайрылбай койбойт болчу. Милиционер Авдийдин гезиттин кабарчысы экенин
укканда, ишенбестик сезимин жаратары айтпаса да белгилүү эле.
Милиционерди ээрчип бара жаткан Авдий үчүн темир тордун артында отурган
чабагандар: Петруха, Лёнька, Махач, Коляларды көрүшү  түшкө киргис окуядай болот. Ал
үчүн капаска түшкөн жырткычтардын дал өзүн элестетет.
Авдийди жашоодо ак жүрөк, ак көңүл, боорукер, жаштардын камын ойлогон инсан
катары бааласак болот. Себеби алгач чабагандарды көргөндө эле бейтааныш адамдай
мамилесин көрсөткөн жок. Авдийдей жаштардын камын ойлогон адамдар көп болсо,
жаштардын жашоо-турмушуна балта чабылбай, гүлдөп, өсүшмөк. Төгүн жерден “келечек
жаштардын колунда” деген сөз чыкпаса керек. Анда мамлекеттин өнүгүп-өсүшүнө да чоң
салым кошулмак.
Кечээ эле баңгиликтин кучагында жүргөн, нашанын кумарына мас болгон эргулдар
бүгүнкүдөй тагдырга туш болорун, алардын турмушунда кыямат көз ачып-жумганча сел
болорун көрүп, Авдийдин жан дүйнөсү уйгу-туйгу болот. Ал эми Чыңгыз атабыз Авдийдин
образы аркылуу аларды канткенде куткаруу керек? деген ой менен собол таштайт. Автор
чеберчилик менен чабагандарды сүрөттөө менен, жашоодо туура багыт алууга насааттайт.
Авдий үчүн нашачылардын жеңилишин өзүнүн жеңилишиндей кабыл алат. Ал үчүн
алдыда дагы эл камы үчүн көптөгөн жаңы идеялардын күтүп турганынан кабардар берет.
Жазуучу адамдардын жашоосунда кыямат өкүм сүрбөсө экен деген тилегин Авдийдин
образы аркылуу берди.
Автор коомдо Авдий сыяктуу демилгечил, кайдыгер эмес, баңгилик менен күрөшкөн ,
өз керт башын ойлобостон, башкалардын келечегин сактагысы келген, жан дүйнөсү таза
адамдар көп болсо экен деп эсептейт.
Баңгилик маселеси турмушта кеңири орун алып, учурда глобалдуу көйгөйлөрдүн бири
болуп саналат.
Менин жеке пикирим боюнча, азыркы учурда өз көмөчүнө күл тарткан, руханий жан
дүйнөсүн кайдыгерлик чырмап алган адамдардын көбөйүп баратышы мени да түйшөлтөт.
Ошондуктан, автор менен толук макулмун.
“Темирди кызуусунда чап” дегендей, ар бир көйгөйлүү маселеге кайдыгерлик кылбай, өз
убагында чечпесек, кеч болуп каларын ар бирибиз кыт уюткандай жан дүйнөбүзгө уютсак
деген ниет_емин.
Ар бир ишке кайдыгерлик менен мамиле жасасак, аларды өз абийири соттоорун эскерте
кетмекчимин. Бул маселени көтөрүүдө баарынан маанилүүсү  баңгилик менен алдын ала
күрөшүү, жаман адаттардан сабак алуу, адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтире
турган маселелерди алдын алуу, жашоонун сергек мүнөзүн тандоо.
“Мен үчүн эми бардыгы кеч!” дебестен_ “мен үчүн баары алдыда” деп жашоо
зарылдыгын түшүнүү болуп саналат.
Эссеге пикир
«Кыямат» романынан алынган үзүндүгө жазган эссеси темага дал келет.
Композициялык бүтүндүк бузулган эмес. Эссенин бөлүктөрү логикалык жактан туура
түзүлгөн.
Эссе жазууда берилген темага ылайык окуучу башкы ойду ача билген. Окуучунун
ишинде структуралык түзүлүшү толук сакталган. Тезис түрүндө көрсөтүлүп, автордун көз
карашын далилдер менен өз көз карашында башкы ойду ачып көрсөткөн жана талдаган.
Биринчи далилинде чыгармага, экинчи далилинде З.Сооронбаевага кайрылган. Мисал
катары келтирген аргументтери автор тарабынан көтөрүлгөн маселеге дал келет.
Сөз байлыгынын кенендигин ишинде көрсөткөн. Фактыларды жана көркөм сөз
каражаттарын ыгы менен орундуу колдонгон. Мисалдарды («аларды өз абийири сотторун
эскерте кетмекчимин», «жаман адаттардан сабак алуу» ж.б.) ыктуу келтирип, туура ой
жүгүрткөн. Жазып жаткан темага жекече көз карашы болуп, өзүнчө жыйынтык чыгара
алган.
Эссенин автору стилистикалык каталарга жол берген эмес.
Мазмуну боюнча алган баллдардын (38 балл) жыйынтыгы «эӊ жакшы» деген баага дал
келет.
№
Мазмуну боюнча баалоо критерийлери
Баллдар
1.
Эссенин структурасы, логикалуулук, ойду баяндоо
уланмалуулугу
5
2.
Тексттин түйүндүү көйгөйүн аныктоо
5
3.
Тексттеги автордун көз карашын аргументтештирүү жана
түшүндүрмө берүү
5
4.
Жеке пикиринин болушу
4
5.
Биринчи аргумент( көркөм чыгармага таянуу менен)
5
6.
Экинчи аргумент( турмуштук тажрыйбага таянуу менен)
4
7.
Жыйынтык
5
8.
Кептик жана стилдик ченемдердин сакталышы
5
Жыйынтык :
38
Жазуу ишинде 1 орфографиялык (ниеттемин) жана 1 пунктуациялык (дебестен,)
каталарга жол берилген. Кыргыз тили боюнча “эӊ жакшы” деп бааланды.
№
Сабаттуулугу боюнча баалоо критерийлери
1.
Орфографиялык норманын сакталышы
1
2.
Пунктуациялык норманын сакталышы
1
3.
Грамматикалык норманын сакталышы
-
Каталар
Download